Пример HTML-страницы

Алайда мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 7 секциялуу муздаткыч кампа пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов жана башка тиешелүү жетекчилер, айыл өкмөт башчылар катышты.

Кампа дыйкандарга жакындан көмөк көрсөтүп, алар өндүргөн мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сапатын бузбай сактоо максатында курулганы айтылды. Аталган кампа муниципалдык ишкана катары кызмат көрсөтөт. Буга чейин кампа жайгашкан жер таштанды таштоочу жайга айланып, кароосуз калган. Ал жер калыбына келтирилип, сыйымдуулугу 2 миң метр кубду түзгөн кампа курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE