Пример HTML-страницы

Ала-Букадагы биргелешкен командалык машыгуудан сүрөттөр

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда «Коопсуздук-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өтүп жатат. Республикалык деңгээлдеги саамалык алкагына районго аскердик абал киргизилди.

Бүгүн, 24-майда биргелешкен машыгуунун ачылышы өтүп, ага район акими Нурбек Сатаров, «Коопсуз-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун Ала-Бука районундагы координатору Билимбек Асанбеков катышып, иш-чаранын максатын, тартибин түшүндүрүп беришти.

Нурбек Сатаровдун айтымында, бүгүн резервдик ротадагылар чакыртылды.

«Тиешелүү даярдык иштер көрүлүп, ыкчам топторго бөлүнүп, иштеп жатабыз. Бул машыгуу күч органдары менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда эл бейпилдиги, коопсуздугу үчүн биргеликте иш алып барууну жакшыртуу, тажрыйба арттырууну көздөйт. Машыгуу бизге чоң тажрыйба берет деп ойлойбуз», — деди аким.

Резервдик ротадан чакырылгандарга функционалдык милдеттери жөнүндө түшүндүрүлүп, усулдук сабактар өтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE