Пример HTML-страницы

Аксылык жигит достору менен Бишкектеги ата-энесине келин алып барган. Бирок кызды кайра өз үйүнө жеткирди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынан Бишкек шаарына кыз ала качкан 4 жигит шарттуу жаза алды. Алар сот отурумунда окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Айыпталуучулар тууралуу эмне белгилүү?

Айыпталуучу Тилек (аты өзгөртүлдү, М.Т.Т.) 1997-жылы Аксы районунда туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт, бойдок. Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн тургуну.

Айыпталуучу Эрмек (аты өзгөртүлдү, Э.Б.Э.) 1997-жылы Аксы районунда туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт, бойдок. Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн тургуну.

Айыпталуучу Кубат (аты өзгөртүлдү, К.у.У.) 1996-жылы Аксы районунда туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт, бойдок. Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн тургуну.

Айыпталуучу Марат (аты өзгөртүлдү, М.у.Б.) 1996-жылы Аксы районунда туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт, үй-бүлөлүү. Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн тургуну.

4 айыпталуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 1-бөлүгү (никеге туруу максатында ала качуу) менен айып тагылып, баш коргоо чарасы катары башка жакка кетпөө тил кат түрү тандалып алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2023-жылдын 11-февралында саат 18:30 чамасында болгон. Тилек өзүнүн шериктери менен бирге Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасындагы дүкөн менен кафенин аралыгында Айгерим (аты өзгөртүлдү) эжеси менен бара жаткан учурда аны «Хонда Стэпвагон» үлүгүсүндөгү унаага салышкан. Эрмек менен Марат Айгеримдин эжеси ала качууга каршылык көрсөтпөсүн деп аны кармап турушкан. Ал эми калгандары Айгеримди күч менен түртүп, унаага отургузуп, Бишкек шаарына никеге туруу максатында алып кетишкен.

Сот отурумда айыпталуучу Тилек күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2022-жылдын 5-сентябрында Аксы районунда досунун үйлөнүү тоюнда 2001-жылы туулган Айгерим менен таанышып, телефон номурун алып, кыз-жигит катарында сүйлөшүп жүрүшкөн. Үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенде ал шарты жок экенин айтып, телефон аркылуу сүйлөшүүнү улантышкан.

Андан кийин достору менен сүйлөшүп, Айгеримди ала качуу үчүн 2023-жылдын 11-февралында Шамалды-Сай шаарчасына келишкен. Эжеси экөө дүкөнгө кирип чыккандан кийин Айгеримди унаага салып, Бишкек шаарына ала качып кетишкен. Кара-Көл шаарына келгенде Айгеримдин агасы телефон чалып, «алып келип койгула» деп айткан. Бирок кайра алып баргандан намыстанып, Бишкек шаарына алып кетип калышкан. Кызды үйүнө алып баргандан кийин ата-энелери сүйлөшүп, 12-февралда Айгеримди ата-энесинин үйүнө жеткиришкен.

Тилек Айгеримди ала качанканда каршылык көрсөтүп, ыйлап, ызы-чуу салбагандыгын, бүгүнкү күндө мамилелери жакшы экенин, кызды алып качуу кылмыш экенин билбегенин көрсөтүп, жеңил жаза берүүнү суранды.

Сот отумурунда Тилектин достору да көрсөтмө берип, күнөөлөрүн мойнуна алды.

Ал эми Айгеримдин көрсөтмөсү боюнча, 2023-жылдын 11-февралында саат 17:30 дүкөнгө кирип чыгып, телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда унаадан ага тааныш эмес 3-4 жигит түшүп, унаага салышкан. Алардын бири эжесин кармап турган. Унаага отургандан кийин ага тааныш болгон Тилекти көргөндө каршылык көрсөткөн эмес. «Мени унаадан түшүрүп койгула» деп айткан, бирок алар макул болушкан эмес. Андан кийин каршылык көрсөтпөй кете берген. Кара-Көл шаарына жеткенде бир тууган агасы телефон аркылуу байланышканда телефонду Тилекке берип койгон. Алар эмне деп сүйлөшкөнүн билбейт. Бишкек шаарына жакшы маанайда сүйлөшүп кетишкен. Тилектин үйүнө баргандан кийин кайрадан Шамалды-Сай шаарчасына жолго чыгып, ата-энесинин үйүнө келген.

Ал бүгүнкү күндө айыпталуучуларга карата эч кандай доосу жоктугун, өз ара жарашып алганын айтып, ишти кыскартып, камакка байланышпаган жаза бегилөөнү сурады.

Айжамалдын эжесинин айтымында, сиңдисин унаадан түшүрүүгө аракет жасаган. Алардын артынан такси жалдап, бирок кууп жете алган эмес. Тилек менен Айжамал кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн билбегенин көрсөттү.

Жыйынтыгында Таш-Көмүр шаардык сотунун 2023-жылдын 10-апрелиндеги өкүмү менен айыпталуучулар Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде алар жаза өтөөдөн бошотулуп, 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE