Пример HTML-страницы

Аксыда чоң энесине барган өспүрүм үйүнө кайтпай калды. Анын жансыз денесин табышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда сууга чөгүп кеткен 13 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын командири Жеңиш Жанышбек уулу билдирди.

Анын айтымында, окуя өспүрүм бала чоң энесинин үйүнө конокко барганда болгон.

«Кечээ, 10-август күнү бизге Аксынын Үч-Коргон айыл аймагыгынын Кум айылы аркылуу агып өткөн Наманган каналына 13 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кечээ кечке жуук келип, түн бир оокумга чейин издеп, таба албай кеткенбиз. Бүгүн саат 7:00дөн тарта издөө иштерин баштап, саат 15:30дар чамасында бала сууга чөккөн делген жерден 3 чакырым ылдыйдан жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп бердик.

Жакындарынан сурасак, өспүрүм бала райондун Ак-Суу айыл аймагынан Кум айылына чоң энесинин үйүнө конокко келген экен. Ал айылды аралап өткөн каналдын үстүнөн жуунуу үчүн секирип, сүзө албай, чөгүп кетиптир», — деди Жанышбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE