Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы эски кампа оңдолууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы эски кампа 932 миң сомго оңдолуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Маметовдун айтымында, союз учурунда курулуп, дан эгиндерин сактоого пайдаланылып келген эгин сактоо кампасы союз тарап кеткен соң кароосуз калып, жараксыз абалга кептелген. Бери дегенде 30 жылдан бери пайдаланылбай турган кампаны оңдоп-түзөп, элдин пайдалануусуна берүү максатында жергиликтүү бюджеттен 932 миң сом бөлүнүп, учурда кампаны оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

«Айылда дан эгиндерин айдоо, үрөн сактоо жумуштары көбөйдү. Мүмкүнчүлүгү барлар кампа салып жатышат. Мүмкүнчүлүгү жоктор дан эгиндерин сактоодо кыйналып жатышат. Ошол элдин дан эгиндерин сактоосуна шарт түзүп берүү үчүн союздан калган кампаны оңдоп берүүдөбүз. Эл дан эгинин өкмөткө акысын төлөө жолу менен сактап турушат. Учурда иш жүрүп жатат. 10-15 күндүн ичинде курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилет», — деди айыл өкмөт башчысы Ж.Маметов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE