Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, тамтыгы чыккан жол көп жылдардан бери ак-талаалыктардын эң олуттуу көйгөйлөрүнүн бири болуп келген.

Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы Максат Орозалиевдин айтымында, быйылкы жылы Ак-Тал—Чат—Казарман унаа жолунан, тактап айтканда Тайлак-Бейит чөлкөмүнөн Ак-Кыя айылын көздөй кеткен унаа жолдун 1 чакырымына, Нарын—Баетов унаа жолунун Үгүт жана Байгөнчөк айылынын ортосунан 1 чакырым жолго асфальт басылып бүткөн. Ушул эле Нарын—Баетов унаа жолунун, тактап айтканда Байгөнчөк жана Баетов айылынын ортосундагы унаа жолдун 4 чакырымына асфальт төшөө иштери башталган. Учурда эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE