Пример HTML-страницы

Ак-Талаада тоют топтоо иши кызуу жүрүүдө. Чөп канча сом болууда?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда тоют өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айылынын тургуну Шахназар Жанболотовдун айтымында, учурда 1 гектар аянттагы тоютту чаптырууга 10 литр күйүүчү май, эмгек акысына 660 сом сарпталууда. Ал эми 1 гектар аянттагы чөптү таңгактоо үчүн 10 литр май кетип, бир таңгак чөптү 14 сомдон таңгакташууда.

Быйыл аба ырайы жаанчыл болгондуктан, тоют өсүмдүктөрү жылдагыдан жакшы өсүп, 1 таңгак чөптүн баасы 130-150 сомдон сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE