Пример HTML-страницы

Ак-Талаада мекеме-ишканалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 5-май — Баш мыйзамдын кабыл алынган күнүнө карата мекеме-ишканалар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Улан Доктурбек уулунун айтымында, кечээ Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын кабыл алынган күнүнө карата мекеме-ишканалар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар:

— 1-орун — Ак-Талаа райондук токой чарбасы биринчи командасы;

— 2-орун — Ак-Талаа райондук токой чарбасынын экинчи командасы;

— 3-орун — Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы.

Жеңүүчүлөргө «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан медалдар жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE