Пример HTML-страницы

Ак-Суунун «Келечек» бала бакчасынын балдар ойноочу аянтчасы кеңейтилди

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Боз-Булуң айылындагы «Келечек» бала бакчасынын балдар ойноочу аянтчасы 5 сотых жерге кеңейтилди. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Венера Жумабаева билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчада 55 бала тарбияланат.

«Биздин бакчада кошумча имарат ишке берилгенден бери балдар ойноочу аянт тар болуп келген. Бул маселени чечүү үчүн жаныбыздагы айыл туругунун жер тилкени бизге алып берип, ага башка жактан жер тилке берилди. Курчоо иштер үчүн Кара-Жал айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 миң сом бөлүндү. Материалдар алынып, ата-энелер ашар жолу менен курчап беришти», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE