Пример HTML-страницы

Ак-Сууда картошканын ордуна малина, кулпунай, карагат өстүрүүгө көңүл бурулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунда картошканын аянтын азайтуу үчүн малина, кулпунай, карагат жана көп жылдык тоютка көңүл бурулууда. Бул тууралуу райондун айыл чарба бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунда өткөн жылы картошка көп өстүрүлүп, алармандын жоктугунан көп кыйынчылыктар болгон. Бул жылы дыйкандарга башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө багыт берилүүдө.

«Картошканын аянтын азайтуу үчүн дыйкандар малина, кулпунай жана карагат тигип жатышат. Бүгүнкү күнгө 20 гектар жерге отургузулду. Ал эми райондо малдын көбөйгөнүнөн тоюуту көбөйтүү үчүн 750 гектар жерге жүгөрү жана 60 гектар жерге көк бурчак (горох) айдалып жатат. Ошондой эле райондо сыноо үчүн 40 гектар жерге кант кызылчасы айдалат», — деди райондук айыл чарба бөлүмүн жетекчиси Бактыбек Акмолдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE