Пример HTML-страницы

Ак-Суу РИИБдин жаңы дайындалган жетекчиси Денис Аманов район элине тааныштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Денис Аманов район элине тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Кереге-Таш жана Боз-Учук айыл өкмөтүнүн жыйынында Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мунарбек Насиров жаңы дайындалган жетекчини элге тааныштырды. Ал район аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо чогуу иш алып барууга чакырды.

Бүгүн, 21-февралдан тарта райондогу 14 айыл өкмөттүн 2023-жылга карата аткаруучу иштери жана ар бир айыл аймактагы көйгөйлөрдү жеринде чечүү максатында район акими мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жер-жерлерде айылдык жыйындарды өткөрө баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE