Пример HTML-страницы

Айылдагы чуулуу окуядан кийин Россияга кеткен тургун кайра кайтууга аргасыз болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районундагы тургундун үйүнөн 800 миң сомдон ашык акча каражатын карактап кетишкен. Айыпталуучулардын бирине өкүм чыкты.

  • Айыпталуучу Бахадир (аты өзгөртүлдү, Б.М.О.) Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы, мурда соттолгон эмес, убактылуу эч жерде иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2012-жылдын 28-апрелине караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Бахадир өзүнүн 4 кылмыштуу шериги менен Ноокен районунун Бүргөндү айылына барышкан. Алар үй ээси Максат (аты өзгөртүлдү, М.М.) уктап жаткан жерге колдо жасалган бет каптарды кийип кирип, Максат менен бир тууган агасын ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, сабап, колу-буттарын байлаган. Үй эсине таандык болгон сейфтин ичиндеги 630 000 сом, 1775 доллар (83 157 сом), 4 300 000 өзбек сумун (108 миң 360 сом), жалпы 821 517 сом акчасын, уюлдук телефондорду, ошондой эле, «Фольксваген Голф3» үлгүсүндөгү унаанын ачкычын алып, чыгып кетишкен.

Тергөө мезгилинде жабырлануучуга келтирилген зыян толугу менен өндүрүлгөн.

Соттук териштирүүдө Бахадир көрсөтмө берди. Анын айтымында, окуя болгон күнү эки шериги телефон чалып, «Кечинде разборка бар, машина айдап чык» дегендиктен саат 20:00-01:00 чамаларында унаасын айдап келген. Эки шериги жабырлануучунун үйүнө кирип кеткенде ал унаада калган. Алар уурулук жасай турганын айтышкан эмес. «Карап тур, бирөө келсе, ышкырып кой» деп айтышкан. Андан кийин эки шериги чыкканда унааны айдап кеткен.

Бахадир эртеси Бишкек шаарына кетип, 6 айдан кийин кайра келген. Андан кийин тергөөчүгө жолукканда эч нерсе түшүнбөй, кол кой деген жерине кол коюп берип койгон. Ага эки жылга шарттуу жаза белгиленген. Бирок аны түшүнбөй, ишим бүттү деген ойдо Россия Федерациясына чыгып кеткен. Ал жакта жүргөндө издөөдө экенин билип, элчиликке кайрылган. Ал жерден Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

Ал кылган ишине өкүнүп, камакка байланышпаган жаза белгилеп берүүнү суранды.

Сот отурмунда жабырлануучу Максат айыпталуучуну тааныбай тургандыгын, окуя кайсы күнү болгондугу эсинде жок экендигин, түн ичинде 2-3 бейтааныш жигит терезеден кирип, кайра ошол жерден качып чыгып кетишкендигин билдирди. Анын айтымында, алардын бетинде бет кап болгондуктан ким экенин көргөн эмес. Бети-башына уруп, оозун жана колун скотчтоп, телефонун жана сейфтеги акчаларды алып кетишкен. Ал айыпталуучу менен жарашканын, ага доосу жок экенин билдирди.

Күбө катары суралган айыпталуучунун инисинин айтымында, айыпталуучуну тааныбайт. Окуя болгон күнү агасынын үйүндө балдардын ызы-чуусу чыккандыктан барган. Ал жерде агасынын колу байлануу, бети-башы кан болгондугун көрүп, андан кийин агасын алып, ооруканага барган. Ал болгон окуяны көрбөгөнүн билдирди.

Сот отурумунда башка күбөлөр да суралды.

Бахадир Ноокен райондук сотунун 2023-жылдын 25-августундагы өкүмү менен Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 202-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык), 3-бөлүгүнүн 2-3-пункттары (турак жайга кирүү менен, куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин (2021-жылдагы редакция) 82-беренесинин (пробациялык көзмөл колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде Бахадир эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулуп, 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE