Пример HTML-страницы

Айсулуу Тыныбекованы кичи мекенинде медаль менен сыйлашты

Акыркы жанылыктар

TurmushДүйнөнүн 3 жолку, Азиянын 5 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова кичи мекени Кочкор районуна келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Балбан кызды Кочкор районунун акиминин орун басары Турсунбек Бактыгулов жана күйөрмандары Кочкор айылынын кире беришинен тосуп алышты. Андан соң акимчиликтин жыйындар залында жашоочулар жана мектеп окуучулары менен жолугушту.

Иш-чаранын алкагында акимдин орун басары жакында эле Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Ормон хандын 230 жылдык юблейлик медалы чыгарылганын билдирди. Айсулуу Тыныбекова аталган медаль менен сыйланды.

Айсулуу Тыныбекова мектеп окуучуларына туура кесип тандап, ар дайым ийгиликке умтулууга чакырды.

Мындан бир нече жыл мурун балбан кызга «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Ормон хан Ниязбек уулунун 230 жылдык юбилейлик медалы менен Ормон хан Ниязбек уулунун мааракесин өткөрүүгө жана районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө салым кошкон 230 жаран сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE