Пример HTML-страницы

Айлык маянасы 127 миң сомду түзгөн ветеринар К.Замирбековдун кызыктары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шапак-Ата айылынын 28 жаштагы тургуну Кудайберди Замирбеков. Ал учурда Дубайда ветеринар болуп эмгектенип жаткандыгын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

2017-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринария жана биотехнология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Окуу жайды аяктагандан кийин Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун ветеринария бөлүмүндө кичи илимий изилдөөчү болуп 3 жыл эмгектенген.

«Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келгениме 4 ай болду. Көп жылдан бери бул жакта эмгектенип жаткан группалашымдын чакыруусу аркылуу келип калдым. Учурда атайын ветеринардык клиникада дарыгердин жардамчысы болуп иштеп жатам. Айлык маянам 1500 долларды түзөт. Кыргызстандын сомуна айлантканда, 127 миң сомдон ашып калат. Жумуш эртең менен саат 09:00дө башталат. Алгач күндүк планды сүйлөшөбүз. Анан барып жаныбарларды карайм. Оорулуу жаныбарларага капельница коём, жаракат болгон жерлерин тазалап дарылайм. Андан соң дарыгер экөөбүз жаныбарларга операция жасайбыз. Операция бүткөндөн кийин жаныбарлардын ээлерине кеп-кеңештер берилет. Көбүнчө жылкы, төө, ит, мышык, арстан, маймыл, төө куш сымал жаныбарларды алып келишет. Бул жакта ветеринардык медицина абдан керектүү кесип экен. Ветеринарияда Европа, Америка, Тунис жана башка өлкөлөрдөн атайын келип иштешет.

Каарманыбыз эсте калган кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Баарына белгилүү болгондой, Дубай шаары абдан өнүккөн. Калаанын кооздугун көрүүгө көптөгөн чет өлкөлүк туристтер келет. Аба ырайы ысык, алгач келгенде муздак суусу ысыктай сезилип жатты. Жергиликтүү калкы абдан маданияттуу жана өз ара урушуп кеткендерди көрбөйсүң.

Жаныбарлардан мышыкты абдан жакшы көрүшөрүн байкадым. Бир киши күндө мышыктарын дарылатканы алып келет эле. Ага «Канча мышыгыңыз бар?» деп суроо узаттым. Ал «90 мышыгым бар» деп жооп берди. Мунун баарын кантип карайт деп, абдан таң калдым. Атайын тамак сатып алып мышыктарды багышат. Жаш мышыктардын өзүнчө бөлөмөгө, чоңдорун өзүнчө бөлмөгө жана оорулууларды өзүнчө бөлмөгө коюп багышат.

Эсте калган күлкүлүү окуялардан айта кетсем, жумушта мышыктын баласын эмизип жатып ойлонуп кетипмин. Колумдагы мышыктын баласын чөнтөгүмө салып алыптырмын. Ал чөнтөгүмдө уктап калыптыр. Эмиздирип бүтүп тамактанайын деп, ашканага келсем чөнтөк жагыман бир нерсе кыбырайт. Чочуп кетип карасам, мышыктын баласын салып алыптырмын. Баары каткырып күлүшкөн», — деди ал.

К.Замирбеков өзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө кыскача айтып берди.

«Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Атам айылда айыл чарба менен алектенет. Апам 2020-жылы акка моюн сунду. Апамдын бул дйүнө менен кош айтышып кете бергени мен үчүн абдан оор болду. Жашоо улана берет экен. Жумуш менен алек болуп, өзүмдү алаксытам. Ветеринар болуу абдан оор, бирок ошол эле учурда абдан кызыктуу.

Бош убактымда сейилдейм. Анткени жаңы жерде кыдырууга кызыгам. Жетиштүү түрдө каражат топтогон соң Кыргызстанга кайтып келип, өзүмдүн чакан мамлекетимди кургум келет. Ошондой эле ветеринария жаатында топтогон тажрыйбаларымды бөлүшкүм келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE