Пример HTML-страницы

Айдай Төлөнова гипстен күнүмдүк тиричиликке керектүү буюмдарды жасап келет

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылынын 15 жаштагы туругуну Айдай Төлөнова мектептен сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Учурда Жеңиш айылынын Б.Укуев атындагы орто мектебинде 8-класста окуйм. Үй тапшырмаларды жана үй жумуштарын аткарып бүткөн соң кол өнөрчүлүк менен алектенем. Гипстен ар кандай буюмдарды жасап, кошумча киреше табам десем болот. Өзүмдүн кызыгуум абдан күч болчу, мындан улам Таластагы Ширинай аттуу эженин үйрөтүү курсунан өздөштүрүп алдым.

Учурда жуунуучу бөлмөлөргө коюлуучу буюмдарды (набор для ванной) жасап, 1000 сомдон сатып жатам. Бул жумушту жаңыдан баштаганымдан улам кардарларым азыраак, акырындык менен көбөйүүдө.

Жасалышы боюнча айта кетсем, гипстин атайын идиш жасоого арналган түрлөрү болот. Буюмдар 5-10 мүнөттө эле жасалат, бирок 1 саат калыпта туруш керек. Анан кылдаттык менен абайлап чыгарыш керек, ошондо ойдогудай сонун болот. Жакында 3-4 кабаттан турган талиңкелерди (тарелки этажерки) жасап баштайм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE