Пример HTML-страницы

90 миллион сом бөлүнгөн «Нарын» аэропорту качан ишке берилет?

Акыркы жанылыктар

Turmush«Нарын» аэропортунда жаңы аэровокзал курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, «Манас» эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сом бөлүнүп, аэровокзалдын имараты курулуп жатат. Ушул жылдын апрель айында курулуш-монтаждоо жумуштары аягына чыгат. Андан соң учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аба каттамдары ачылат.

«Нарын» аэропорту — Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын түндүк тарабынан орун алган. Аэропорт 1964-жылы пайдаланууга берилип, элге кызмат көрсөтүп, чакан учактар каттап турган. 2013-жылы Бишкек—Нарын аба каттамы ачылган. Бирок эл каттамдын жол киресин көтөрө албагандыктан, тез эле токтотулган. Ошондон кийин айланасы жылчыксыз тикенек зым менен тосулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE