Пример HTML-страницы

300 долларлык 13 тыйын чычканды Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар Оштогу паркка коё берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 28-мартта Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы сейил бакка 13 тыйын чычкан коё берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош-Жалал-Абад регионалдык башкармалынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Аталган бөлүмдүн башчыс Хамид Култаевдин айтымында, бүлгүнчүлөр (браконьер) тыйын чычкандарды Кыргызстандын түндүгүнөн Оштогу «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

«Кечээ, 27-мартта «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 13 даана тыйын чычкан ички иштер кызматкерлери тарабынан алынып, бүгүн Токтогул паркына коё берилди. 1951-жылы 210 баш тыйын чычкан Кыргызстанга Россиядан алып келинген. Ошондон бери ийне жалбырактуу токойлордо көбөйүп келе жатат.

Ош шаарынын тургундарынын жаратылышка болгон сүйүүсүн өзгөртүү үчүн алып келип, коё бердик. Жалпы шаардын элинен суранат элек, тыйын чычкандарга жакшы мамиле кылып, кармабай, бир нерселерди бере турган болсо, парктын администрациясы менен кеңешип, карап беришсе. Мындай иш-чаралар дагы уюштурулат», — деди Култаев.

Култаев буга чейин Ош шаарындагы бак-дарактуу жерлерде тыйын чычкандар көп болгонун кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын адисине тыйын чычкандар бул жерге көнүп кеткенге чейин көзөмөлдөп, камкор мамиле кылуу тапшырылды.

Аталган тыйын чычкандардын баасы 300 доллардан башталат. Ал эми мыйзамсыз саткандар («кара базар») 100-200 долларга баалашат.

  • Кыргызстанга биринчи жолу 209 тыйын чычкан 1951-жылдын октябрь айында алынып келген. Алар Каракол шаарына жакын жердеги карагайлуу токойго коё берилген. Бул жаныбар бекем жана эң кооз териге ээ.

  • Токойлордогу, сейил бактардагы дарактардын коңулдарында жашашат. Эртең менен жана кечке жуук активдүү болушат. Чээнге киришпейт. Эне тыйын чычкан жылына 3-10го чейин төлдөйт. Алар 12 жылга чейин жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE