Пример HTML-страницы

121 чөбөрөлүү болгон Эрмамат Маматкожоев 103-кышын өткөрүп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush103 жаштагы Эрмамат Маматкожоев Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айыл аймагында жашап, бактылуу карылыкты өткөрүп жатат.

Карыянын 5 уулу, 4 кызы, 52 небере, 121 чөбөрө, 4 кыбырасы бар. Жаштыгы Улуу Ата Мекендик согушка туура келип, тылда иштеген.

«Ал учурда кой баккандарды согушка алышчу эмес. Буудай, арпа айдап, кайра жыйнап, аны кырманга салып, ат менен жанчып, сапырып, мамлекетке өткөрүп турдук. Күнүгө кол менен 20 сотых жерди орчубуз. Андан кийин совхоздо 20 жыл кой багып, төл алдым. Совхоздо 1 адамга 50 козу норма эле. Бир да козу өлтүрбөй тапшырып, айлыгымдан сырткары сый акы да алып турчумун. Нормативди так тапшыргандар үчүн майрам уюштурулуп, сыйлыктар берилчү. Ошондо мотоцикл алгам. Ал убакта башкармалар: «Бир козу өлгөнчө, өзүң өл» дешчү. Кыздар да иштешчү. Алар козу өлсө, ыйлашчу», — деп өткөн күндөрүн эстеди Эрмамат Маматкожоев.

Карыя согуш жылдары руда казып, ок даярдап да иштегенин айтып берди.

«3 жыл таш рудасын казып, аны мамлекетке өткөрчүбүз. «Катюша» деген мылтыктын октору ушул рудадан жасалат болчу. Ошол октон канчасы өтүп кетти…», — дейт каарманыбыз.

Аксакал жыгач уста да болгон. Чоң-Алайдагы оорукананы, райондук админстрациянын имаратын куруп, дубалдарын кол менен тургузган.

Кемпири 2014-жылы каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE