Пример HTML-страницы

12 жаштагы сүрөтчү Айсанат Эркинбекованын эмгектери

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Ат-Башы райондук Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин көркөм сүрөт классынын окуучусу — 12 жаштагы Айсанат Эркинбекова Гапар Айтиевдей сүрөтчү болууну каалайт. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Айсанат 2009-жылы туулган. Учурда Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде билим алып жатат.

«Мектепте жакшы окуйм. Сүрөт классына келгениме сүйүнөм. Жаңы келгенге караганда аябай эле жылыш болду, сүрөттү жакшы тартып калдым. Үйдөн көбүнчө атам колдоо көрсөтүп, «жакшы тарт» деп боёк, керектүү нерселерди алып берип, дем берип турат. Келечекте Гапар Айтиевдей улуу сүрөтчү болгум келет. Бул кесипти башка кесип менен айкалыштырып, жашоомдо бирдей алып кетүүнү көздөйм. Колго бир нерселерди жасаганды жакшы көрөм. Былтыр жай мезгилинде атам, апам менен чогуу Ак-Муз айылындагы жайлоого барып, ал жердин кооздугун телефонго сүрөткө тартып алып, кайра сүрөткө түшүрдүм. Кооз нерсе көрүп калсам, баарын сүрөткө түшүрөм. Сүрөт тартып бүткөндөн кийин өз эмгегимди карап, кемчиликтеримди табам», — дейт ал.

Жаш сүрөтчү өткөн жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган кароо-сынакка катышып, грамота менен сыйланган. Андан кийин 30тан ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышкан эл аралык кароо-сынакка катышты. Сынак онлайн өтүп, Айсанат 2-орунду алды.

«Мага диплом, белек жана китептерди беришти. Бул мага сүрөттү дагы да жакшы тартуума күч берди десем болот», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE