Пример HTML-страницы

Өзбекстандык конокту нааразы кылган таксист табылды. Ал окуя кандай болгонун айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында өзбекстандык жарандын видео кайрылуусунан кийин такси кызматын көрсөткөн 25 айдоочу сурак берди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта Өзбекстандын Ильес Рашидов [Ilyos Rashidov] аттуу жаранынын кайрылуусу чыккан. Ал азыр Өзбекстандын көп жарандары чет өлкөлөргө Ош шаарындагы аэропорт аркылуу учуп жаткандыгын, себеби ал жерде Самарканд жана Ташкент шаарларындагы баага караганда арзан экендигин айткан. Өзбекстандыктар Ош шаарына такси менен келип, чек арадагы «Достук» пунктунан өтүшөт.

«Бирок өзүнчө мафия түзүп алган таксисттердин тобу бар. Алар ушул иш менен жан багышарын айтып, аэропортко чейин жеткирүүгө ар бир жарандан 500 сомдон жол кире алат. Ал эми аралык болсо 6 гана чакырым. Бир унаага 6-7 адам отурат. Ар биринен 500 сомдон алышат», — деп нааразы болгон.

Ал бул жагдайга милиция кызматкерлери да көңүл бурбай жатканын айткан.

Толугураак бул шилтеме аркылуу окуңуз.

Бул билдирүү 3-август күнү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Милициянын маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө «Ош» эл аралык аэропортунда такси кызматын көрсөткөн 105 айдоочу иш жүргүзүп жаткандыгы такталган. Баары тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн чакырылган. Алардын ичинен 25 такси кызматкери тергөөгө келип, сурак беришти. Калгандары да кезек менен келип, көрсөтмө берип жатышат.

Окуя болгон жайда жайгашкан камерадан видеотасма алынып, Өзбекстан Республикасынын жараны Ильес Рашидов 2022-жылдын 21-июль күнү саат 22:45 чамасында «Ош» эл аралык аэропортунда өзүнүн шериктери менен болгондугу аныкталды.

Окуя болгон күнү И.Рашидовго жол акысы 500 сомдон болот деп айткан таксист аныкталып, ал Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Мөнөк айылынын тургуну — 46 жаштагы К.Ильяз экендиги такталып, суракка алынды.

Анын көрсөтмөсүнө караганда, аталган Өзбекстандын жараны учактан түшкөн кезде жанындагы шериктери менен такси токтоп турган жайга келген. «Такси керекпи?» деп алдын утурлап чыгып, эгер бир адам отурса 500 сомдон, эгер 4 адам отурса, ар бирин 300 сомдон алып кете турганын айткан. Себеби «Достук» өткөрмө бекетине бир тарабына гана кардар болот. «Кайтканда ал жактагы таксисттер адам беришпейт, ошондуктан бир адамга барып-келишине төлөйсүң» деп айткандыгын, ага карата башка коркуткан аракеттер болбогондугун билдирди.

Учурда И.Рашидовду тосуп алган Ибрагим аттуу жарандын жашаган жерин тактап, тергөөгө күбө катары сурак берүүсүн камсыз кылуу боюнча иш алып барылууда. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

————————————————

4-августтан тарта «Ош» эл аралык аэропортунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча милиция кызматкерлери бѳлүндү. Ош ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын ѳзүнчѳ батальонунун туристтик взводунун жана 1-ротасынын кызматкерлеринен, ИИМдин атайын багыттагы полкунун жоокерлеринен турган топтор «Ош» аэропортунун аймагында ѳздѳрүнѳ бѳлүнүп берилген багыттар боюнча коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳшѳт.

————————————————

Бүгүн, 5-августта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө укук коргоо органдарындагы жетекчилердин катышуусунда жыйын өттү.

Маалым болгондой, жыйында «Ош» эл аралык аэропортундагы жана «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы жергиликтүү такси айдоочуларынын жүргүнчүлөргө кылган терс мамилесин жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына «Ош» эл аралык аэропортундагы таксисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакыруу тапшырылды. Өз алдынча бааны көтөрүп алган, туристтерге орой мамиле жасаган айдоочулар болсо, мыйзам чегинде чара көрүү керектиги айтылды.

Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортунан «Достук» чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE