Пример HTML-страницы

Өтмөктүн үстүндөгү жол чырак алынды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунда жер астындагы өтмөктүн үстүндөгү жол чырак алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолу реконструкцияланып жатканына байланыштуу Сокулуктагы Фрунзе жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жер астындагы өтмөк оңдоо үчүн убактылуу жабылган. Ага байланыштуу жол чырак жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн орнотулган.

«Жер астындагы өтмөк учурда жөө жүргүнчүлөр үчүн ачык, жол чырак алынды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush Сокулук айыл аймагында жөө адамдар өтүүчү жол талкууга түшкөнүн жазган.

«Жөө адамдар өтүүчү жол жана «светофор» бар. Бирок өтө албайсыңар. Анткени бул жер тосулган» — деп айтылат социалдык тармакка тараган видеодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE