Пример HTML-страницы

Жумгалда кыштын ызгаарында сырттагы дааратканага чыккан бөбөктөрдүн кошумча имараты бүтпөй турат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун борбору Чаек айылындагы Эрнис Миңбаев атындагы балдар бакчасынын кошумча имаратынын курулушу бүтпөй, бөбөктөр кыштын суугунда сырттагы ажатканага барууга аргасыз болууда.

Маалым болгондой, кошумча имарат Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен баштаган «Келечек үчүн билим берүү» долбоордун негизинде курулуп баштаган.

Айыл өкмөтү чатырын жаап, жылуулун тартып берген. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, калган жумуштар тендерге байланыштуу бүтө элек.

Ал эми бала бакчанын өзүнүн имаратына дээрлик жарым кылым болсо да, балдар үчүн даараткана ичине киргизилген эмес. Ата-энелердин айтымында, жайкысын көп билинбегени менен кышкы суукта жаш бөбөктөрдү сыртка алып чыгуу бир топ эле кыйын.

Бала бакчанын имараты 1968-жылы курулуп, 1974-жылы пайдаланууга берилген.

Колхоздун чабандарынын балдарына деп салынган имарат ушул кезге чейин бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Өткөн жылы гана айыл өкмөтү жылуулук тармагын жасап, түтүктөрүн алмаштырып берген.

Бала бакчада учурда 70тен ашык бала тарбияланып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE