Пример HTML-страницы

Жашоочулар канча миллион сом чыгымга учураганы аныкталды

Акыркы жанылыктар

Turmush3-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош облусунун Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнө караштуу бир нече айылдарды сел каптап, үйлөр жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы Биринчи май, Тогуз-Булак, Арал жана Кең-Жылга айылдарында сел катуу жүргөн. Анын кесепетинен жергиликтүүлөр жалпы 7 млн 796 миң 218 сом зыян тартканы аныкталды.

«Эки үйдү авариялык абалда деп бергенбиз. 11 үйдү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж деп тапканбыз. Ал эми 32 турак жай косметикалык оңдоп-түзөөгө муктаж. Оор, орто жана канааттандырарлык болуп бөлүнгөн. Анын ичинен 32 үйдүн абалы канааттандырарлык деп табылып, алардын ээлерине акча бөлүнбөй жатканы айтылган. Бирок биз 11 үй бергенбиз. Турак жайсыз калгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

3-майда Ош облусунун Алай районундагы бир нече айылдарда жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында турак үйдүн короолорун каптаган. Мындан улам Алай районунун акими тарабынан аталган аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE