Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда пияз 60 сомдон сатылууда. Соодагер баа эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында пияздын баасы дээрлик 3 эсеге кымбаттады. Turmush басылмасынын кабарчысы калаадагы азык-түлүк бааларын тактады.

Шаардын борбордук базарында азык-түлүк саткан Бактыгүл айрым жашылчалардын баалары бир аптада мурун көтөрүлгөнүн айтты.

«Акыркы аптада пияздын баасы бир аз кымабаттады. Бизге жеткирип бергендер кампаларда пияз аз экенин, адаттан тыш суукта көпчүлүк дыйкандар пиязды суукка үшүтүп алганын айтып жатышат. Мындан сырткары көпчүлүк дыйкандар өздөрү өстүргөн пияздын түшүмүн чет жакка сатып жиберишкен. Ушул тапта 1 кг пияз 60 сомдон сатылууда, буга чейин 20-25 сомдон гана сатылчу. Өткөн жылы сабиз 120 сомдон сатылып, элдин көбү таң калган болчу», — деди сатуучу.

Базардагы баа:

— капуста — 1 даанасы 45 сом;

— помидор — 1 кг 280 сом;

— бадыраң — 1 кг 250 сом;

— картошка — 1 кг 40 сом;

— түрп — 1 кг 45 сом;

— кызылча — 1 кг 45 сом;

— шалгам (репа) — 1 кг 40 сом;

— сабиз (кызыл, сары) — 40 сом;

— кой эти — 1 кг 580 сом;

— уй эти — 520 сом;

— кум шекер — 1 кг 95 сом;

— макарон 1 кг — 50 сом

— күрүч 1 кг — 90 сомдон 150 сомго чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE