Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда «алтын сертификат» жана «Алтын тамга» аттестатын алган бүтүрүүчүлөр сыйланды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-июлда Жалал-Абад шаарында 2022-2023-окуу жылында «алтын сертификатка» жана «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирди.

Сыйлоо аземине мэр Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана мектеп директорлору катышты. Калаа башчысы окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип, бүтүрүүчүлөргө белек тапшырды. Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына кийинки окуу жылында «алтын сертификат» жана «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган окуучулардын санын көбөйтүү талабын койду.

Жалал-Абад шаарынан 5 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон.

Алар:

— №4 мектеп-гимназиясынан Айдай Жоробекова;

— №10 Т.Кошматов мектеп-гимназиясынан Гүлайша Абдыкапарова;

— С.Давлетов атындагы №14 инновациялык лицейдин окуучусу Айжан Маматкалыкова;

— З.Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинин окуучулары Жыпара Дарбишова, Саида Алишер кызы.

Ал эми шаардагы «Билимкана» жеке менчик мектебинин бүтүрүүчүсү Сабина Маратбек кызы «Алтын сертификатка» ээ болгон.

Быйыл Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен «Мыкты мугалим» сынагын өткөрүүгө 300 миң сом, «алтын сертификат» жана «Алтын тамгага» ээ болгон бүтүрүүчүлөргө 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал каражаттын эсебинен Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мектептердин 3 бүтүрүүчүсүнө ноутбук, ата-энелерине газ плитасы, ал эми алар бүтүргөн мектептерге үч кызматты бирдей аткарган принтерлер тапшырылды.

Быйыл Жалал-Абад шаарында 797 бүтүрүүчү 11-классты, 2228 бүтүрүүчү 9-классты аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE