Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 75 үй-бүлөгө кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бүгүн, 15-апрель күнү «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сертификат берүү иш-чарасына Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басар Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты.

«Социалдык келишим» долбоорунун максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр бул каражатка ишкердик баштайт.

Өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Бүгүн алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да орун алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE