Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 10 гектардан ашык жерди чегирткелер каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 10 миң гектардан ашуун жерди зыяндуу чегирткелер каптап, дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бул маалыматты Жалал-Абад облусунун өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайратбек Садыков ырастады.

Анын айтымында, облуста Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондору боюнча адистер тарабынан 19 миң 550 гектар жер изилденген. Анын ичинен 10 миң 800 гектар жайыт жерди зыяндуу чегиртке каптаганы аныкталган.

«Бүгүнкү күндө 10 миң 500 гектар жер химиялык дарылоодон өттү. Химиялык уу чачуучу 3 техника иштеп жатат. Жакынкы күндөрү дарылоо иштери толугу менен аяктайт. Башкысы элдин айыл чарба жерлерине жеткен жок», — деди ал.

Облуста 4 райондогу жайыт жерди жыл сайын марокко чегирткелери каптап, дарылоо иштери жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE