Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында Тажикстандан келген 3 адамга кайрылман макамы берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жыл башынан бери 3 адамга кайрылман макамы берилди. Дагы бир киши арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жарандыгын алууну самаган 3 адам Тажикстандын Мургаб районунан келгендер.

«Быйылкы жылдын 9 айында биздин мекеме 3 адамга кайрылман макамын бердик. Алар буга чейин Тажикстандын Мургаб районунда жашашкан. Макам берилгенден кийин кайрылмандар жарандык актыларды аныктоо бөлүмүнө барып, кыргыз паспортун алууга милдеттүү. Ушул тапта бир адамдын арызы жумушчу топтун кароосунда турат.

Аны менен катар биздин кызматкерлер үймө-үй кыдырып, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды аныкташты. Кыдыруунун жыйынтыгы менен жыл башынан бери балдарды коргоо кызматынын кызматкерлери тарабынан 19 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берилди. Ушул тапта дагы 6 баланын документтерин алуу үчүн сотко кайрылганбыз», — деди Н.Жакыпова.

Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында 65 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE