Пример HTML-страницы

Жалал-Абад ОИИБге жаңы кабыл алынган кызматкерлер ант берди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматына жаӊыдан кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи өттү.

Кзматкерлер күжүрмүн туу жана өздүк курам алдында жүктөлгөн милдеттерди так аткара тургандыктарын айтып, ант беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов сөз сүйлөп, жаӊыдан кызматка дайындалган кызматкерлерди берген антына бекем турууга, өлкөгө ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга чакырды.

Салтанаттуу иш-чара саптык жүрүш менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE