Пример HTML-страницы

Жаңы көз жарган энелер канча күндөн кийин жыныстык катнашта боло алышат?

Акыркы жанылыктар

TurmushАр бир кош бойлуу аял төрөткө жана андан кийинки мезгилге даярданышы керек. Бирок, айрым энелер бул боюнча биле беришпейт. Бул багытта Чүй облустук төрөт үйүнүн директору Айжан Сыдыгалиева кеӊеш берди.

«Баланын төрөлүшү — ар бир үй-бүлө үчүн чоң кубаныч. Төрөттөн кийин аял абдан сезимтал болуп калат. Андыктан үй-бүлөнүн моралдык колдоосу абдан маанилүү.

Төрөттөн кийин оор физикалык жумуштан, психикалык жана эмоционалдык маанайдан алыс болушу керек. Диета кармап, майлуу, ышталган тамактарды жебеңиз. Төрөт кыйынчылыксыз өтсө, аял өзүнө жана балага көйгөйсүз кам көрө алат. Үй жумуштарын оңой эле жасай алат.

Аял суук мезгилде көз жарып, үйдө дагы шарт болбосо, мастит (сүт безинин сезгениши), эндометрит сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Негизи төрөттөн кийин аялдын калыбына келүү мезгили 6 жумага созулат. Бул убакытта ваннага түшүүгө болбойт. Эгерде ваннага түшсө, анда патогендүү бактериялар жыныс кынына кирип, жатындын сезгенүүсүн пайда кылышы мүмкүн. Жыныстык катнашка катуу тыюу салынат. Заара-жыныс системасынын сезгенүү процессине алып келиши мүмкүн. Негизи төрөттөн кийин 41 күн жыныстык катнашка барбай турушу зарыл», — деди ал.

Айжан Сыдыгалиева энелер төрөттөн кийин эрежелерди так сактоого чакырды.

«Төрөттөн кийин жамбаш булчуңдарын гимнастика менен калыбына келтирүү зарыл. Же баланы көтөрсө, жамбаштын булчуңдары чыңдалат. Белдин оорусу басаңдайт. Эгерде төрөт кыйынчылыксыз өтсө, гимнастиканы төрөттөн кийин дароо баштоого болот.

Төрөттөн кийин ваннага жана коомдук мончого түшүүгө тыюу салабыз. Бир жолу биздин төрөтканадан төрөп кеткен аял үйүнө чыккандан кийин коомдук мончого барып, жуунган экен. Ал жерден кызамык оорусун жуктуруп алыптыр. Кайра төрөт үйүнө алып келишти. Инфекционисттер чакырылган. Андан соң биздин кызматкерлерге жукту. Анан бир жумага төрөт үйүн жабууга туура келген. Ошондуктан дарыгер айткан бардык эрежелерди так сактоого чакырым», — деди ал.

Чүй облустук төрөт үйүнөн 2022-жылы 5355 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ушул жылдын 10-февралында 4 эм төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE