Пример HTML-страницы

Юрист Айганыш Макулбекова көз жаргандан кийин кирешелүү иш менен алектенип баштаган

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылынын 29 жаштагы тургуну Айганыш Макулбекова самын жасоо менен алектенип жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде иши тууралуу айтып берди.

Айганыш Макулбекова 2010-жылы орто мектепти аяктап, андан кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алып, бакалавр жана магистр даражасына ээ болгон. Мамлекеттик органдардын биринде эмгектенип жүрүп, декреттик өргүүгө чыккан.

«Үйдө отурганда бир иш менен алектенгим келип, кол өнөрчүлүктү тандадым. Андан кийин көп тармакты изилдеп көрүп, органикалык таза самындарды жасоону үйрөнүүнү чечтим. Өзүм юрист болгондуктан тактыкты жакшы көрөм. Ошондуктан бул жаатта дагы билим алууну туура көрдүм. Кыргызда «Арзандын тузу татыбайт» деген сөз бар. Арзан курска окуп көрүп, натыйжасында жасалган самындарды кардарларга сунуштай албай турганымды түшүндүм. Себеби самындардын курамына ар кандай жаныбарлардын майлары, күчтүү химиялык заттардын кошулмалары камтыларын, самын жасоонун калькуляциясы сакталбай турганын билдим. Органикалык таза самындарды жасоо боюнча мыкты адистердин курстарын сатып алып, бул тармакта билим алдым. Жыйынтыгында органикалык жактан таза, бир гана өсүмдүк майларын камтыган, ден соолукка пайда алып келге турган самындарды жасоону үйрөндүм», — деди ал.

Анын айтымында, бул ишти баштаганда кайын журту, өзгөчө жолдошоу колдоо көрсөткөн.

«Кандай идея болбосун, жолдошум менен бөлүшөм. Ал дайыма мага ишенерин, колумдан келерин баса белгилеп, колдорун айтып турат. Үйдө отурган айымдар үчүн жакындарындын мындай мамилеси бул чоң жардам болуп саналары талашсыз.

Балалуу болгондон кийин төрөттөн кийинки депрессияга туш болдум. Бул жагдайды көп айымдар ачык айткандан тартынышат. Бул нерсени туура эмес деп ойлойм, себеби мындай айымдарга колдоо керек. Өз убагында жардам бербесе, аялдын ден соолугуна зыяны тийип калуу коркунчу бар экени медицинада дагы айтылып келет. Аял бактылуу болсо, бардык үй-бүлө бактылуу деген түшүнүк бар.

Менин кол өнөрчүлүккө келип калгандыгымдын бир себеби ушул жагдай болду. Издендим, билим алдым, үйрөндүм, өзүмө бейтааныш болгон жаңы тармактын бетин ачтым. Бир аз дагы болсо финансылык жактан коз карандысызмын. Кол өнөрчүлүктөн ырахат алам, өзгөчө кардарларым ыраазычылыгын билдиришкенде. Ошондуктан айымдарга кеңешим, колуңуздан баары келет, өзүңүзгө ишениңиз жана талыкпай эмгек кылыныз деп айтат элем», — деди ал.

Ал самындар граммына жараша 200 сомдон жогору сатыларын кошумчалады.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE