Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө келген чет өлкөлүк туристтер короновирустун жаңы штаммдарын алып келиши мүмкүн

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында коронавирус оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал тууралуу Каракол райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору маалымат берди.

2022-жылдын башынан бери облуста 612 учур катталган. Анын ичинен 399 учур январь айында, 199 учур февраль айында катталып, март айынан баштап эпидемиолгиялык абыл турукташты, же 19 учур катталды. Апрель айында оору катталган жок, май жана июнь айларында бир нече учур катталды. Алар чет мамлекеттен келген жарандар. Эпидемияга каршы иш-чаралар өз учурунда жүргүзүлүп, катталган оорулуу адамдар обочолонду жана кайталап ПЦР анализ алынып, карантинден чыгарылды.

«Азыркы учурда эпидемиологиялык абал туруктуу. Эпидемиолгиялык бригадалар даяр, оперативдик транспорт, күйүүчү май жетиштүү жана өздүк коргонуу кийимдери, зыянсыздандыруучу заттар менен толук камсыздандырылды. Каракол район аралык жана Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемологиялык көзөл борборлорунун ПЦР лабораториялар тест системалары менен жетиштүү камсыздалган. Иш алып барууга даяр», — деди борбордун башкы дарыгери Гүлүшкан Тайлакова.

Аталган лабораториялар чет мамлекеттерге чыгуучу жарандардан ПЦР анализдер алынып (баасы 780 сом), жарандар бүт өлкөлөргө кетишүүдө. Ал эми ооруга шектүү жарандардан да анализдер алынууда.

Айта кетсек, 2022-жылдын 31-апрелинен баштап Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келгендердин ПЦР изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы жана вакцинация алгандыгы жөнүндө сертификат талап кылынбайт.

«Туруктуу эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, COVID-19 илдетин жеңгенин айттуга эрте. Дүйнөдө коронавирус пандемиясы бүтө элек. Жайкы эс алуу сезонунда облуска чет өлкөлүк эс алуучулардын көп келишине байланыштуу короновирустун жаңы штаммдарын алып келүү коркунучу бар.

2022-жылдын 5-июлуна карата жалпы Ысык-Көл боюнча эмдөөдөн өткөндөр 1-доза — 124 миң 238 (84%), 2 доза — 105 миң 445 (71%), ал эми вакцинанын бустердик дозасын алгандар — 26 пайызды түзөт. Калктын жетиштүү саны эмдөөдөн өткөндө вирустун биринен экинчисине таралышы кыйындап, токтой турганын эстен чыгарбоо керек», — деп сөзүн жыйынтыктады дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE