Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жаман окуянын алдын алган М.Исмаилов сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-июнь күнү Ысык-Кѳл районуну акими Калыбек Жумадылов сууга чөгүп бараткан эки чет элдик жаранды куткарып калгандыгы үчүн Бостери айылынын тургуну Мирлан Исмаиловду Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын «Ыраазычылык каты» менен сыйлады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалымытка караганда, район башчысы Калыбек Жумадылов адамдарды куткарууда ыкчам аракеттерди кѳрүп, кѳрсѳткѳн эрдиги жана жарандык милдетин аткаргандыгы үчүн ыраазычылыгын ыроологон.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургуну Мирлан Исмаилов сууга чөгүп бараткан чет элдик эки жаранды куткарып калгандыгы боюнча жазган.

Бул окуя 2022-жылдын 31-майында болгон.

Окуянын күбөлөрүнүн маалыматына караганда, чет элдик жарандар (индиялыктар же пакистандыктар) Бостери айылына жакын жердеги пляжда сүзүүнү чечишкен. Аларды мындай опурталдуу кадамга барууга эмне түрткү болгонун түшүндүрүү кыйын. Майдын аягы көлгө сүзүү үчүн эң ыңгайлуу учур эмес. Кыязы, физикалык күчүн жоготкон чет элдиктер чөгө башташкан.

Жергиликтүү тургундардын бири, кийинчерээк белгилүү болгондой Мирлан Исмаилов көлгө чуркап барып, чет элдиктерди биринин артынан бирин жээкке сүйрөп чыккан.

М.Исмаилов буларга токтолду: «Ал күнү мен окуя болгон жерге жакын жайгашкан «Пират» кафесинде иштеп жаткам. Туристтик сезонго даярданып жатабыз. Бир маалда кыйкырыктарды угуп, сыртка атып чыктым. Жээкте адамдар бар экен, кыйкырып жатышты. Кимдир бирөөлөр эмне болуп жатканын телефонго тартып жатты. Анан көлгө чөгүп бараткан эки жигитти көрдүм. Сууга секирип, аларды чыгардым. Кыязы, жигиттер суу дагы эле муздак экенин билбесе керек».

Кабарчынын муздак сууга секирүүсүнө эмне түрткү болду деген суроосуна Мирлан төмөнкүдөй жооп берди:

«Менин төрт балам бар. Улуу балам Россияда окуйт. Ал да ушундай абалга туш болуп калышы мүмкүн. Анан ага да кимдир бирөө жардамга келиши мүмкүн. Ошондой эле, туристтик сезондун башталышында Бостери айылында жаман окуя орун албашына жол бербөө керек. Бостери айылы — кыргызстандыктардын да, чет элдик коноктордун да эс алуучу жайларынын бири. Ошондуктан жээкте тартипти жана коопсуздукту сактайбыз. Кырсыктардын алдын алууга аракет кылып жатабыз», — деди ал.

М.Исмаилов төрөлгөндөн бери Ысык-Көлдө жашайт. Ал сентябрда 40 жашка чыгат. Төрт баланын атасы, эң кичүүсү үч жашта. Бош убактысында спорттук аңчылык менен активдүү алектенет. Аңчылык коомунда ал карышкыр менен чөөлөрдү чебер аткан мергенчи катары мүнөздөлүп, айылдаштарына малын сактап калууга жардам берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE