Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө тоого кетип дайынсыз болгон 4 бала аман-эсен табылды (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush

Кечээ, 8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында тоого кетип дайынсыз болгон 4 бала табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 11 жаштагы 3 бала жана 16 жаштагы 1 баланы издөөдө кыйын болгондуктан, ИИМдин кызматкерлери көмөк сурап кайрылышкан. Издөө ишин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан Авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылган. Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 00:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE