Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө түндө токтотулган унаанын ичинен атылган аркардын эти чыкты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-март күнү Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аркар аткан адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ түнкү саат 02:00 чамасында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын тескөөчүлөрү жана «Илбирс» фондунун өкүлдөрүнө мыйзамсыз аңчылык тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери «Чаар-Арча» экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан «Тойота Фуранер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны Барскоон айылынын 47 жаштагы тургуну У.А. айдап бара жаткан. Анын жанында 35 жаштагы айылдашы Ж.И. болгон.

Текшерүү учурунда болжол менен атылган тоо аркарынын туш эти, ошондой эле сайлуу «ТОЗ-17», сайсыз «К-12» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды. Алар милиция кызматкерлерине ок атуучу куралдарга уруксат кагазын көрсөтө алышканы менен аңчылыкка уруксат лицензиясын көрсөтө алышкан эмес. Аталган факты Жети-Өгүз РИИБде катталып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE