Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргенден тарта мас абалындагы айдоочулар азайды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде жалпы айдоочуларга түшүндүрүү иштери улантылууда.

Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдө мас абалындагы айдоочуларга катуу чаралар киргизилгенден баштап, тагыраагы 2023-жылдын 8-марттан 24-мартка чейинки 15 күн аралыгында, былтыркы 2022-жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 52 мас айдоочуга аз кармалган.

Жогорудагы 2023-жылдын 8-мартынан тартып 15 күн ичинде 22 мас айдоочу аныкталса, былтыркы 2022-жылдын 15 күн ичинде 74 мас абалындагы айдоочу кармалып, жалпы саны 52ни түздү.

Азыркы учурда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери бардык шаар-райондорунда уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE