Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кармалган 6 балалуу келиндин окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда алдамчылыкка айыпталган келинге сот өкүм чыгарды.

  • Айыпталуучу Рахима (аты өзгөртүлдү, Р.О.А.) 1988-жылы 26-мартта туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, 6 баласы бар. Буга чейин соттолгон, убактылуу иштебейт, Чолпон-Ата шаарында жашайт. Ал 2023-жылдын 15-июнунда камакка алынган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Рахима Чолпон-Атадагы жеке менчик авиакассада жарандарга электрондук авиабилеттер боюнча кызмат көрсөтүп келген. Ал жарандардын ишенимине кирип, аларга Бишкек—Якутск каттамына электрондук авиабилет алууну убадалап, акча каражатын алдап алган. Бирок акча алгандан кийин жарандарга жасалма электрондук билет берип, аларга материалдык чыгым келтирген.

Рахима Ысык-Көл райондук сотунун 2023-жылдын 15-июнундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Муну менен катар Ысык-Көл райондук сотунун 2022-жылдын 14-декабрдагы өкүмү менен жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн кошуу менен биротоло 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги аялдардын түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген. Рахима сот залында камакка алынган.

Сот жабырлануучулардын пайдасына материалдык зыян өндүрүүнү токтом кылды:

— К.М.С.га 39 422 сом;

— К.М.Б.га 39 422 сом;

— П.Р.О.го 39 422 сом;

— К.Р.Т.го 39 422 сом;

— З.С.С.га 39 422 сом;

— И.Э.Т.га 29 502 сом;

— К.М.С.га 39 422 сом.

Өкүмгө макул болбой, айыпталуучу Рахима апелляциялык даттануу менен кайрылган. Ал 6 баласы бар экенин, кичүүсү 5 айлык экенин, ал эмчек эмерин, дагы бир баласына жүрөк кемтиги диагнозу коюлганын, балдардын атасы өз алдынча аларга кам көрө албай турганын көрсөткөн. Ал материалдык чыгымды төлөөгө даяр экенин айтып, райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, шарттуу жаза колдонууну суранган.

Соттун териштирүү башталганга чейин айыпталуучунун жактоочусу тараптар жарашканына байланыштуу кылмыш иш токтотулганын билдирген. Рахима жабырлануучуларга метериалдык чыгымды толугу менен төлөп берген. Жабырлануучулардын дооматы жок экени белгиленген.

Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы 2023-жылдын 2-августунда айыпталуучунун жактоочусунун кылмыш ишти токтотуу боюнча өтүнүч канааттандырды.

Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү жокко чыгарылды. Рахима тараптар жарашканына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылды.

Рахима сот залынан бошотулду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE