Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө бир жума аралыгында 19 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайкы туристтик мезгилге карата аймактарда автоунаалардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу Ысык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алуу багытындагы рейддик иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2023-жылдын 1-июлунан 8-июлуна чейинки бир жума аралыгында облустун аймагында жол эрежелерин бузган 987 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 19 айдоочу кармалды жана 41 автоунаа атайын айып короолорго токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган 647, жол белгилерине баш ийбеген 131, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 9, автоунаа айдоого укугу жок 4, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптарды убагында төлөбөй жүргөн 11, техникалык кароодон өтпөгөн 3 жана башка жол эрежелерин бузган айдоочулар жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 15 жөө жүргүнчү болду.

Жайкы туристтик мезгилге карата мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча маал-маалы менен уюштурулуп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE