Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө өлүм жазасына тартылган кылмышкер качып кетип, 23 жылдан кийин пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда адам өлтүрүп, качып кеткен жаран 23 жылдан кийин соттолду.

Айыпталуучу Геннадий [аты-жөнү өзгөртүлдү Г.Э.В.], билими толук эмес, бойдок, мурда соттолгон. Ал 1992-жылы Ысык-Көл облустук соту тарабынан атайылап киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган.

Кыргызстандын президентинин 1993-жылдын 7-майындагы жарлыгы менен өлүм жазасы 15 жылга эркинен ажыратуу менен алмаштырылган, соттуулугу жоюлган эмес. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2006-жылдын 13-июлундагы өкүмү менен (ал буга чейин Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кентау шаарында туулган Я.Е.В.нын наамы менен соттолгон), ал Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, акыры жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөө менен 2 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен 7 жылга эркинен ажыратылган, соттуулугу жоюлган эмес.

2016-жылы Свердлов райондук соту кайрадан Геннадийге карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүгүнүн (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) (1997-жылкы редакция) негизинде өкүм чыгарган. Натыйжада аны 20 жылга эркиндигинен ажыратып, жазаны күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөө чечимин чыгарган.

Геннадий жаза мөөнөтүн Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Молдовановка айылындагы №31 мекемесинде өтөгөн.

Жаңы ачылган кылмыш иши боюнча ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (киши өлтүрүү) айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучу Геннадий 2000-жылдын 11-декабрында саат 21:00 чамасында Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылындагы Кыргызстан жана Арык-Мырза көчөлөрүнүн кесилишинде Ш.Д.А.нын курсагына бычак сайган. Анын кесепетинен жоон ичеги жана муун тамырлары жабыркап, ички кан агуудан Ак-Суу райондук ооруканасына бара жаткан жолдо каза болгон.

Бул факт 2000-жылдын 12-декабрында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөргө каттого алынып, кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты Геннадий жасагандыгы аныкталган. Ошентип, 2000-жылдын 12-декабрында Геннадийге сыртынан айып тагылып, 2000-жылдын 18-декабрында айыпталуучунун турган жери такталбагандыктан ага издөө жарыяланган. Сырттан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен айыпталуучунун жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой, мыйзамда белгиленген тергөө мөөнөтү өтүп, кылмыш иши токтотулган. Көп жылдар бою Геннадийдин кайда экенин аныктоо мүмкүн болгон эмес.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Геннадий кылмыш болгон жерден качып кетип, издөөдө экенин билип, 23 жыл тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн. Геннадий фамилиясын Я.Е.В деп өзгөрткөн. 2006-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, андан кийин 2016-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 20 жылдык мөөнөткө күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө өкүмү чыгарылган.

  • Соттук отурумда айыпталуучу Геннадий өзүнө тагылган айып боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, 2000-жылдын ноябрында жазасын өтөп жаткан абактан бошотулганын түшүндүргөн. Анын айтымында, ошол эле жылдын декабрь айында Ак-Суу районундагы Ново-Вознесеновка айылына келген.

Окуя болгон күнү ал мотоцикл менен В.М. экөө биргеликте айылды аралап жүрүшкөн. Алар бир нече адам менен жолугуп, көп өтпөй жанына Ш.Д. келип, алардын арасында кайым айтышуулар жаралган. Экөө 15-20 метрге чейин ары басышып, чөнтөгүнөн тамекисин чыгаргысы келген. Бирок ал кокусунан бычакты алып чыгып, тайып жыгылып, жабырлануучуну кокусунан бычак менен сайып салган.

Геннадийдин Д.Ш.ны өлтүрүү ниети болгон эмес. Бирок ал бычак менен тайгаланып жыгылып, Д.га тийген учурда жабырлануучунун өлүмү этиятсыздыктан болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Ошол учурда кимдир-бирөө: «качкыла!» деп кыйкырып жиберген. Ал Жыргалаңды көздөй качып, 0,5 литр самогон сатып алып, күндүзү жашынып, түнү басып, Бишкек шаарына жөнөп кеткен. Ал жактан жумушка орношушу керек болуп, фамилиясын “Я…” деп, туулган жылын “1970” деп өзгөртүп алган.

2023-жылдын 19-майында бул оорчулукту көтөрө албай калгандыктан, кылган ишине өкүнүп, жумшак мамиле кылууну өтүнүп арыз жазган.

Соттук отурумда маркумдун апасы — жабырлануучу Т.Ш. окуя болгонго чейин айыпталуучуга эч кандай кастык болбогонун, аны жолугушууга чакырышканын түшүндүргөн. Окуя болгонго чейин эле уулу Ш.Д.нын колу сынган, ал эч кимге кол сала алмак эмес. Уулунун мүнөзү токтоо жана салмактуу болгон.

Аял окуя болгон күнү уулу айыпталуучу менен «Геннадий мурда анын сокур кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн» айткысы келгенин, анын кесепетинен уулу бычакталып каза болгонун билдирген. Анын айтымында, окуядан кийин Геннадий дайынсыз жоголуп, анын аты-жөнүн өзгөрткөнүн ошол убакка чейин билген эмес. 2023-жылдын 19-июнунда ал өздүгүн тактоо үчүн көрсөтүлгөн үчөөнүн арасынан Геннадийди таанып, ага мыйзам чегинде жаза колдонууну суранат.

Күбө Ж.К. сот отурумунда Геннадий Д.Ш.ны бычактап өлтүрүп салганын укканын айткан. Буга чейин Геннадий кошуна айылдын тургунун атып салган окуя болгон, андан кийин аны көргөн эмес.

Жыйынтыгында 2023-жылдын 12-октябрында Ак-Суу райондук соту Геннадийди күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоосуз күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн 12 жылга эркинен ажыратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE