Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн борборундагы тургундар жер силкингендеги учур тууралуу айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushТүндө Кыргызстанда жер титирөө катталды. Катуу жер силкинүүнү өлкөнүн бардык аймактарындагы тургундар сезди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жашоочулар Turmush басылмасынын кабарчысына түндү кантип өткөргөнүн айтып беришти.

Кирпичный кичи районунун тургундары жер силкингенден кийин эшикте болушту.

Жергиликтүү тургун Замира Оторбаева: «Жер силкингенде көпкө титирип жаткандай сезилет экен. Биринчи силкилдеп баштаганда эшиктердин алдында — босогодо турдук. Басылат го деп турсак, экинчи жолу силкилдеп баштады. Анан эшикке чуркап чыктык. Кийимдерди, балдарды алдык. Эшикке чуркап чыккандан кийин кайра дагы бир жолу силкилдеп барып басылды. Көп кабаттуу үйдө жашаган тургундардын баары эле эшикке чыкты. Унаасы баарлар унаада отурду. Кээ бирөө жер үйдө жашаган туугандарына кетти. Жер үйдө тууганы жоктор эшикте жүрдү. Биз бир сааттан ашык эшикте жүрүп, «Кудай сактасын» деп кирдик. Түнү менен улам ойгонуп, уктабай чыктык», — деди.

Абдрахманов көчөсүнүн жана Кашка-Суу кичи районун тургундары да эшикте жүргөнүн айтышты.

«Жер титиреген маалда иттердин тынчы кетип жатты. Алар үрүп, улуп, ого бетер коркуу сезими болду», — дейт тургундар.

Социалдык тармактарда жер титирөөгө байланыштуу ар кандай маалымат тарап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дүрбөлөңгө алдырбоого чакырып жатышты. Ал эми жеке ишкерлер кабыл алуу пункттарын уюштуруп, эшикте жүргөндөр үчүн ысык чай жана жылуу жай сунуштап жатышты.

————————————————————————

Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдиргендей, 23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайдагы жер титирөөнүн күчү 9 баллга жакын болгон.

Кыргызстандын аймагында жер титирөөнүн күчү Бишкек шаарында 3-4 балл, Каракол шаарында 5 баллга чейин сезилди.

«Адатта мындай жер титирөөлөр учурунда чоң кыйроолор болбойт. Балким эски үйлөрдө жаракалар пайда болгондур. Негизги жер силкинүү Кытайда, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде болгон», — деди Абдрахматов.

Turmush басылмасынын Ысык-Көл облусундагы кабарчылары жер титирөөдөн кийинки абал боюнча маалымат топтошту.

2024-жылдын 23-январы саат 08:00гө карата Ак-Суу району боюнча социалдык объекттер, турак үйлөр жана адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, саат 04:00гө карата жабыркагандар жок. Социалдык тармактарда Сырт өрөөнүндөгү Ак-Шыйракта [Жети-Өгүз району] вулкан атылып баштаганы тууралуу маалымат тараган. Чек ара кызматы менен бирге тактоо жүргүзүлүп, маалымат тастыкталган жок.

Саат 09:00гө карата республика боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 23-январь эртең мененкиге караганда социалдык мекемелер, турак үйлөрдө жабыркоо болгон жок. Маалымат дагы такталып жатат.

Ал эми ӨКМдин Тоң райондук бөлүмү билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок. Түндө жер титирөөдөн кийин район боюнча ыкчам штаб түзүлүп, бардык айыл өкмөт башчылар менен тактоо иштери жүргүзүлдү. Саат 03:00дө жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок деген маалымат алынды.

Бүгүн дагы кошумча тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE