Turmush — Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, жубайлар каза тапты. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-март күнү саат 13:27 чамасында Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталган.
Ысык-Көл райондук ооруканасынын маалыматына караганда, тез жардам кызматына чакыруу саат 13:27де түшкөн. Кырсык орун алган жерге 2 тез жардам унаасы жөнөтүлгөн. Бир бейтап оор абалда ооруканага алып келинди. Ага жандандыруу бөлүмүндө медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ал эми каза тапкандар алынып келе элек.
Биринчи унаада Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери А.Т. (аял киши) жана жолдошу болгону айтылууда.
Алдын ала маалымат боюнча, дарыгер жолдошу менен кырсык катталган жерде каза тапкан.
Экинчи унаадагы 3 жаран Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилди.
Аталган ооруканадан билдиришкендей, анда 1989-жылы туулган тургун (эркек киши) жана анын 2018-жылы туулган уулу болгон.
Абалдары туруктуу оор. Сөөктөрү сынып, баш мээсинде жаракаттар бар. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатышат.
Ата жана бала Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургундары экени айтылууда.
Жеринде иш алып барган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя боюнча кийинчерээк маалымат берилерин кабарлашты.