Пример HTML-страницы

Ысык-Атанын тоосундагы жасалма мөңгү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айыл аймагынын тоосуна жасалма мөңгү жасалып, анын бийиктиги 4 метр, туурасы 20 метрге жетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Кыргыз жайыты» жайыт пайдалануучулардын республикалык ассоциациясы менен айыл өкмөт жасалма мөңгү жасоо иштерин сентябрь айында баштаган.

Эми жасалма мөңгү кышкысын бадага чыккан малдарды, жайкысын кайракы жерлерди сугарууга пайдаланылат.

Сын-Таш айыл өкмөт башчысы Максат Жолдошевдин айтымында, аба ырайы жылуу болгондуктан жасалма мөңгү жапыз тоңгон.

«Мындан дагы бийик болуп тоңгон болчу. Күн жылуу болгондуктан ээрип кетти. Кечээтен бери кайра тоңо баштады», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE