Пример HTML-страницы

Виртуалдык сүйүүсүнө баш кошкон тоңдук Аиданын кызыктары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 20 жаштагы тургуну Камчыбек кызы Аида. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Конур-Өлөң айылында туулгам. Мектепте 9-классты аяктаган соң, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырдым. Бирок турмуштук кырдаалдарга байланыштуу окуу жайды бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк болбоду.

Жолдошум менен Одноклассники тиркемеси аркылуу таанышып калгам. Анда мен болгону 16 гана жашта болчумун. Ал убакта Бишкек шаарында иштеп жашайт элем. Күндөрдүн биринде мага айтпастан дарегимди таап, үйдүн алдына келиптир. Үйдө айнек парданын астында түшкөн сүрөттөрүм көп болчу. Ошол сүрөттөрдөн терезеден көрүнүп турган парда аркылуу ушул үйдө жашарымды билип алганын айтты. Болжолдуу кайсы жерде жашарымды билчү, бирок так кайсы үй экенин билчү эмес. Алгач абдан уялып, көпкө чейин көчөгө чыга албай бөлмөдө отурдум. Ал көпкө чейин мени күтүп калды. Акыры өзүмдү колго алып, араң көчөгө чыктым. Жигит колуна роза гүлүн, шоколад, ак аюу көтөрүп алыптыр. Интернет аркылуу таанышкан башка, бетме-бет отуруп сүйлөшкөн такыр башкача го. Ошентип акырындык менен жакындан таанышып, бири-бирибизди ого бетер жактырып калдык. Жалпы 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Натыйжада 2020-жылы коронавирус пандемиясына карабай баш кошуп, 2021-жылы кыздуу болдук.

Жолдошум Самат Омуров 1997-жылы туулган. Кесиби боюнча юрист, азыркы тапта жол куруу ишканасында эмгектенет», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги көз ирмемдери менен бөлүштү.

«Жаңы келин болгондо, кызыктуу жана ыңгайсыз учурлар көп эле болгон. Ысык-Көлдө жаш келиндин жүгүнүүсү абдан маанилүү эмеспи, алгач саламатсызбы деп өтүп кетип, беим кызарып, уялып жүргөн учурлар көп эле болду. Мындан сырткары келин үйдөгү жасаган иши, бышырган тамагы, жайылган дасторкону менен сыналат. Ошол нерселердин баарын туюп, капысынан толкунданып кетип, артык кылам деп тыртык кылып алган учурлар көп эле болду. Ошонун баарын туура түшүнүү менен караган кайненеме ыраазымын. Ар дайым кеп-кеңештерин берип, колдоосун көрсөтүп келет», — деди ал.

Анын айтымында, учурда колго жасалган гүлдестелерди сатуу менен алек.

«Азыркы тапта колго гүл жасап, аз да болсо аял затына жылуу маанай тартуулап келем. Башында жөн гана кызыгуу болсо, акыркы 4 жылдан бери киреше булагына айланды. Бул өнөрдү интернет аркылуу өздөштүрүп, жетиштүү акча таап жатам. Учурда самындан гүлдөрдү жасап, кардарларга сатуудамын. Аны менен катар таттуулардан гүлдесте жасайм. Жасаган гүлдөрүмдүн эң арзаны 500 сомдон болсо, кымбаты 3 миң сомго чейин барат. Келечекте өзүмдүн гүл саткан дүкөнүмдү ачкым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE