Пример HTML-страницы

«Тянь-Ши» компаниясынын өкүлдөрү алардын атын жамынган каржы пирамидаларынан сак болууга чакырды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-июль күнү АКИ пресс-Ошто «TIENS» (Тянь-Ши) ЖЧКсынын коммерциялык директору Муратбек Жусуев маалымат жыйын курду.

Алгач ал компаниянын буга чейинки жүргүзүп келген ишмердүүлүгү жана социалдык багытта алып барылган иштери боюнча айтып өттү. Андан соң компаниянын атын жамынып каржы пирамидасын түзүп жүргөн адамдарга алданып калбоого элди чакырды.

«Тиенс» ЖЧКсынын коммерциялык директору М.Жусуев компания 2014-жылдан бери расмий катталып, бир да мыйзамсыз ишке аралашпаганын айтат.

«»Тиенс» жана «Тянь Ши» экөө бир эле компания. Аталышынын эки башка болуп калуусунун себеби тилдин өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Европада башка, Азияда башкача аталат экен. Компания расмий катталып иштеп баштагандан тарта өлкө бюджетине кошумча салык катары 325 млн 589 миң сом киреше кошкон. Мындан сырткары салыктын башка түрлөрүнө деп, 164 млн 141 миң сом төгүлгөн. Экономикалык салым кошкондон сырткары 2014-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу бир катар социалдык багытта да салымыбызды кошуп келебиз. Мисалга, бир-эки эле ишибизди айтсак, протездик борбору үчүн атайын эки адисти акы төлөп окутуп бердик. Түштүктө да адис жок дешкенинен дагы эки адисти окуттук. Ошондой эле, протездик борборго алыскы тоолуу аймактарга барууга кыйналып жатабыз дешкенинен унаа сатып бергенбиз.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан турган «Тумар» бий тобу кадимки эле бийлөөгө ыңгайсыз араба менен бийлерге катышып жүрүшкөн. Алар үчүн атайын бийлөөгө ыңгайлуу, баасы 328 миң сомдон жогору болгон арабаларды сатып бергенбиз. Гастролдоого жардам катары 900 миң сомдой каражат да которулган. Биздин компания мындай иштерди көп аткардык», — деп компаниянын ишмердүүлүгү тууралу айтып берди.

«Тянь-Ши» компаниясында дары-дармекти саткан да, сатып алган кардар да алданбай турганын айтып, эгер кимдир-бирөөгө башкача сунуштар менен компаниянын атынан бирөө барса, дароо күч органдарына кайрылууга чакырды.

«Биздин компания эч качан, эч жерде «Кошумча персонал керек. Айлык акысы да жогору» деп жарыя берген эмес. «Тянь-Ши» компаниясынын атын жамынып, «Кредит ал, же мүлк алуу үчүн топтогон акчаңа товар сатып, айландыр» деген адамдар сизге барса, тиешелүү органдарга дароо кабар бериңиздер. Биздин иш жүргүзүү системабыз такыр бөлөк. Каржы пирамида менен «Тянь –Шинин» эки негизги айырмасы бар. Биринчи айрымасы, тармактык маркетинг соода ыкмасында физикалык, кол менен кармап даамын сезип, көз менен көрүп ошону баалай турган буюм болуш керек. Товарга келсек, ошол товардын адам үчүн баалуугуу, ошондой эле товар төлөп аткан акчасынан кымбат болуш керек. Товардын баалуулугу акчадан төмөн болсо ал арзыбаган буюм болот дагы мындай соода кылган тармактык маркетингбиз деген компаниялардын бардыгында каржы пирамиданын белгиси болгон болот. Себеби, арзыбаган эле товарды сизге кымбат сатса бул жерде, адамды акчага алдап кетип атканга барабар болот.

Экинчи айырмачылык, компаниянын иш жүргүзүү математикалык моделине байланыштуу. Башкача айтканда, тармактык маркетинге бир адам үч адамга маалымат берип себепчи болот, бизнес товар тууралуу түшүндүрөт. Алар кийинкилерге себепкер болот. Ошол адамдарын саны көбөйгөн сайын жогору жактагылардын кирешеси өсө баштайт. Мына ушул жерге келгенде, баары математикага байланыштуу, эсеп-кысап жүрүш керек. Математикалык моделге келгенде убактысы чектелген аралыкка эсептелген математикалык формула бар. «Эки бутак менен иштейсиң, артыңдан адам кете берет» деген ишканалар кайсы бир деңгээлге жеткенде, ошол моделдин ичиндеги адамарга киреше бөлүштүрө келгенде, өзүнө киреше калбай калат да жабылат. А бизде андай эмес», — деди Муратбек Жусуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE