Пример HTML-страницы

Turmush: Жогорку Кеңештеги комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кызматтан алууну көздөп жатышат,

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков комитеттин чечимине кол койгон жок, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 15-октябрда Өзгөн районунда өткөн курултайда.

Анын айтымында, Айдарбеков токтомго кол койбойт. «Алар комитеттин төрагасынын орун басарынын кол коюусун каалашкан, бирок ал да кол койгон эмес. Баары ушундай деңгээлге жетти, эми Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан кетиребиз деп жатышат. Эки күндүн ичинде интригалар башталды», — деди Мадумаров.

Депутат Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаттары чек арага байланыштуу чечимди колдогонун билдирди. Ошол эле учурда Өзгөндүн Кароол, Куршаб айылдык кеңештеринин депутаттары каршы добуш беришкен. Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин депутаттары да каршы добуш беришкен.

____________

Буга чейин AКИpress 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоору каралып, бекитүүгө сунушталганын аталган комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков («Альянс») журналисттерге билдиргенин жазган. Бул маселе боюнча комитет макулдугун берди, деп кошумчалаган ал.

«Эч ким бир нече жолу добуш берген жок, биз регламенттин чегинде иш алып бардык», — деген Айдарбеков.

Жыйынтыгында, 6 депутат — макул, 4 депутат — каршы деп добуш берген.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиянын сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанга кайсы тилкелер өткөнүн айткан.

К.Ташиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстанга өткөн тилкелер:

— Гавасай — 12 949 га,

— Көк-Серек — 105 га,

— Баястан — 212 га,

— Ункар-Тоо — 35 га,

— Ак-Таш — 100 га,

— Кара-Белес — 25 га.

Шарихан каналынын башындагы 19,5 гектар жер Өзбекстанга караса, калган 19,5 гектар жер Өзгөн районуна караштуу.

Мындан тышкары 1000 гектар жер Өзгөн менен Сузак райондоруна 500 гектардан бөлүнүп, Кыргызстанга тиешелүү болду.

1965-жылы Кыргызстанга 4127 гектар жер өткөн. Бул аймакта Ала-Бука районунун Көк-Серек айылы, Аксынын Кашка-Суу айылы, Ноокендин Шамалды-Сайы, Араван районунун Найман айылы, Кадамжай районунун Көк-Талаа жана Кылдырак айылдары жайгашкан.

Орто-Токой суу сактагычын толугу менен Кыргызстан көзөмөлдөйт.

К.Ташиевдин маалыматы боюнча, жыйынтыгында Кыргызстанга 19 699 гектар жер өттү.

«Өзбекстанда Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун аймагы — 4485 гектар жер калды. Бирок сууну 8 адамдан: Кыргызстандан 4, Өзбекстандан 4 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Кыргыздар сууну кенен пайдалана берет», — деди Ташиев.

Эл аралык комитеттин курамындагы депутаттар:

— Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»)

— төраганын орун басары Чолпон Султанбекова («Ишеним»)

— төраганын орун басары Лейла Лурова

— төраганын орун басары Айбек Осмонов (Ош округу)

— Нурланбек Азыгалиев (Жайыл округу),

— Нилуфар Алимжанова («Альянс»),

— Шайлообек Атазов (Свердлов округу),

— Ырысбек Атажанов (Кадамжай округу),

— Улан Бакасов (Нарын округу),

— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»),

— Эрулан Кокулов («Ынтымак»),

— Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»),

— Жылдыз Таалайбек кызы («Ишеним»),

— Миргүл Темирбаева («Ишеним»),

— Нурланбек Шакиев («Ата Журт — Кыргызстан»).

Талкууга комитеттин төмөндөгү мүчөлөрү катышты:

— Чыңгыз Айдарбеков

— Лейла Лурова

— Адахан Мадумаров

— Улан Бакасов

— Нурланбек Азыгалиев

— Нулифар Алимжанова

— Шайлообек Атазов

— Ырысбек Атажанов

— Нуржигит Кадырбеков

— Чолпон Султанбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE