Пример HTML-страницы

Turmush: Ысык-Көлдө 51 жаштагы аял талаада зордукталганын айтып, видео кайрылуу жасаган: Иш эмне болду?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну зордукталганы боюнча иш кыскартылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жактоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, иште кылмыштын курамы жок болгодуктан өндүрүштөн кыскартылган.

«Биз Ак-Суу РИИБге ишеним көрсөтпөгөндүктөн облустук прокуратура ишти Каракол ШИИБге өткөрүп берген. Тергөөчүлөр алмашып, акыркы тергөөчү чоюп, сотко жиберем деп жатып, ишти жаап салыптыр. Биз азыр эскертме да, токтом да ала албай жатабыз. Прокуратурага кайрылсак, арыздын негизинде ишти алып, шаардык прокуратура юридикалык баа берүү үчүн карап жатканын айтышты.

Бизге маалым болгондой, шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчү менен иш токтоптур. Шектүүнүн жакындары буга чейин компенсация үчүн 10 миң доллар берген. Ошол учурда жактоочу доом жок деген өңүттө кагаз жаздырып алыптыр. Ошону менен токтотуп жатышат. Ошол эле учурда жабырлануучуга психикалык басым кылышууда. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы эмес, ооруп жатат», — дейт Рузиев.

Буга чейин Камил Рузиев Индира Бейшенованын мыкаачылык менен сабалышы боюнча ишти кароодо зордуктоо фактысы да тастыкталганын билдирген.

Ал кылмышка шектүүнү кошумча кыйноо беренеси менен айыптоо боюнча, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жөнөтүлгөнүн айткан. Ал ошондой эле зордуктоо жана денеге оор залал келтирүү боюнча айыпталган. Шектүү жаран учурда Каракол шаарындагы №3 убактылуу кармоо жайында. Ал күнөөсүн мойнуна албай жатат.

Буга чейин Индира Бейшенова 25-июль күнү мурда коңшулук мамиледе болгон айылдашы мас абалында ага кол салып, сабап, зордуктаганын билдирген. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, шектүү камакка алынган. Бирок райондук сот аны үй камагына чыгарган. Кийинчерээк айыпталуучуну үй камагына чыгарган Ак-Суу райондук сотунун судьясы Абдисалам Мойдунов өз каалоосу менен соттук ыйгарым укуктарды тапшыруу боюнча арыз жазган.

Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну зордукталганын айтканы боюнча маалымат жарыялаган.

2023-жылдын 27-июль күнү Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган тургуну Б.И.Ө. кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 26-июлунда саат 23:00 чамасында Жылдыз айылы менен Чолпон айлынын ортосунан 1977-жылы туулган Б.Р.Б. «Мазда Трибьют» үлгүсүндөгү унаасына салып, талаага алып барып сабап, андан кийин зордуктап, ошол жактагы чуңкурга таштап кеткенин билдирген.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына каттоого алынып, алгачкы териштирүү иштери башталган. Шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен, же аны колдоном деп коркутуу менен, же жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашка баруу) менен кылмыш иши козголгон.

Видеодо жабырлануучу кылмышка шектүү камактан чыгарылганын айтканын угууга болот.

Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүүгө карата баш коргоо чарасын — үй камагын колдонуу чечимин Ак-Суу райондук соту чыгарганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE