Пример HTML-страницы

Turmush: «Таза суу жумасына 2 жолу 2 сааттан гана берилет»: Жалал-Абаддагы тургундарды түйшөлткөн көйгөй

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айрым жашоочулар аптасына 2 жолу 2 сааттан гана суу ичерин айтып, даттанышты. Алар шаарды таза суу менен камсыздоо долбоорунун 2-фазасына Рассвет көчөсүн да киргизүүнү суранышты.

Аталган көчөнүн тургуну Динара Ботобекованын айтымында, агын суу да, ичүүчү суу да жок. Аптасына 2 ирет суу берилген учурда кудугу барлар кудукка, айрымдары чакалап, болгон идиштерине суу толтуруп алышат. Күн жылыган сайын берилген суу 2 саатка да жетпей жатат.

«Бизде агын суу деген жок. 2-4-күнү суу чыгат, ошондо кудугу бары кудугуна эптеп суу куюп жетишип калат. Жумасына 2 күн суу ичсек да, башкалардай эле сууга адам башына акча төлөйбүз. Кун жылыды, суу көйгөйү башталды. Жайдын күндөрү 2 саатка да жетпей суу өчөт. Суу таңкыстыгынан абдан кыйналабыз», — деди ал.

Жашоочулар 80дей үй-бүлө суу таңкыстыгына өзгөчө кабылышарын айтышты. Алар сууга болгон муктаждыкты чечип берүүнү суранышты. Ошондой эле алардын көчөсүндө эч кандай сел канал жоктугу, кокту-колотто н түшкөн суу жолго түшүп, айрым учурда жай тургундардын короосун каптай турганын белгилешти.

«Былтыр биздин абалды мэр көрүп, көчөбүзгө шагал төктүрүп берди. Бул аракеттерин да айтышыбыз керек. Биздин негизги көйгөйүбүз эле суу», — дешти алар.

Калаа башчысы Эрнис Ормоков жашоочулардын маселеси эске алынарын айтты.

Рассвет көчөсүнүн жашоочуларынын дээрлик баары кыш куюп, сатышат. Күн жылыгандан тарта кам кыш (ылайдан жасалат) куюп башташат.

Жыйында шаар тургундары социалдык обьектилердин имараттарынын эскилиги жеткендигин, шаарга кошумча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр керек экенин айтышты. Ошондой эле унаа токтоочу жайлардын, курулуш обьектилердин баш аламандыгын жөнгө салуу маселесин козгошту. Айрым көчөлөрдөгү аба чубалгыларын алмаштыруу зарылдыгы айтылды. Кооптуу делген жерде жашап жаткандар кызыл китеп көйөйүн да көтөрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE