Пример HTML-страницы

Turmush: Кызыл-Кыядагы балдардын түндөгү окуясы: Дагы бир өспүрүм кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарындагы балдардын түндөгү окуясы боюнча дагы бир өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, милиция тарабынан шаардын 16 жаштагы Р.А. аттуу тургуну кармалды. Жактоочусунун катышуусунда сурак берип, мыйзамдын негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кызыл-Кыя шаарында 13-апрель күнү түнкү саат 01:35 чамасында белгисиз бир топ балдар ызы-чуу салып, колдоруна таяк кармап, жол четинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин таш менен ургулап, абалды турукташтыруу үчүн барган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ошол эле түнү 14 жаш өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБде Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну жол четинде токтотуп койгон автоунааларына таш тийип, зыянга учурагандыгы боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Окуя тууралуу:

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кечээ, 13-апрелде түн ичинде Кызыл-Кыя шаарында 60-70 бала жол четиндеги унаалардын айнегин талкалашканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 01:35 чамасында милицияга Кызыл-Кыя шаарынын Новая көчөсүндө белгисиз бир топ бала ызы-чуу салып жүрүшкөндүгү боюнча кабар түшкөн. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам тобу аталган дарекке барып, 60-70тей бала таяк кармап, таштар менен жол четине токтоп турган унаалардын терезелерин талкалап жатканын көрүшкөн.

Милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар милиция кызматкерлеринин унааларына карата таш ыргытышкан. Жыйынтыгында милиционерлерге жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабыр тартышкан. Тартип сакчылары балдардын кылмыштуу жоругун токтотуу максатында табелдик куралдары менен асманга карата бир нече жолу ок чыгарышкан.

Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан «Айгай» көтөрүлүп, милиция кызматкерлери шаарды курчоого алып, иш-чараларды жүргүзгөн. Бир нече жолу атылган октон кийин гана ызы-чуу салып жүргөн балдар туш тарапка качып кетишкен. Бир түн ичинде көчөдө жүргөн 14 өспүрүм кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE