Пример HTML-страницы

Turmush: Кызыл-Кыяда төрөт үйүнүн жер төлөсү сууга толуп калды: Тазалоо иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарында 18-июнь күнү болгон селдин калдыктары тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, сел суулары 7 социалдык объект жана 224 үйдүн короолоруна жана жер төлөсүнө кирген. ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 5 социалдык объектте тазалоо иштери жыйынтыкталып, 2 мекемеде жумуш уланууда. Ал эми турак үйлөр дээрлик тазаланып бүткөрүлүп, 10 турак үйдө жумуш аткарылып жатат.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам шаардагы төрөт үйүнүн жер төлөсү толугу менен (3 метр тереңдикте) сел сууларына толуп калган. Саат 17:30га карата 20 см калыңдыктагы сел калдыктары калды. Ал үчүн кошумча күч каражаты катары 1 ассенизатор тартылган.

Тазалоо иштерине Айдаркен, Баткен жана Кадамжай райондорунан кошумча күч катары куткаруучулар тартылып, жалпы 12 техника, 9 мотопомпа жана ӨКМден 117, ыктыярдуу жарандардан 110 куткаруучу иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE