Пример HTML-страницы

Turmush: «Кыздар баруучу ажаткананын эшиги жок»: Жети-Өгүздөгү мектептин учурдагы абалы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Д.Иманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин дубалдары жарака жетип, кыздар баруучу ажатканасы эшиги жок экени айтылган сүрөт социалдык тармакта талкуу жараткан. Бул боюнча Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Венера Бейшебаева төмөнкүлөргө токтолду.

«Акиташы түшкөн шып жана 2-3-кабаттагы акиташы түшкөн дубал — бул бир жумалык жаандан улам чатырдын кээ бир жерлеринен топтолуп аккан суунун кесепетинен болгон. Суу сарыгып, дубалдар саргарып калгандыктан мектеп жетекчилиги аны кырдыртып, кайра жаңылайын деп жаткан. Ал эми тамдагы терең жарака — бул атайын архитектуралык сейсмикалык жарака. Мектептин эшиктери жыгач болгондуктан сырдоо жана оңдоп-түзөө иштери жылдын аягында, айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты каралгандан кийин жасалат.

Д.Иманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин негизги корпусу 1987-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери бул мектептин тышкы фасадына оңдоп-түзөө иштери болгон эмес. Жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин демилгеси менен алар окуган кабинет жана залдын кээ бир жерлерин оңдолот. Ал эми мектептин капиталдык ремонт иштери окуу жылы аяктагандан кийин техникалык кызматкерлер тарабынан жасалат. Мектептин сыртындагы эки кишилик ажааткана мугалимдер үчүн салынган. Ал эми окуучулар үчүн 8 очколук эки ажааткана иштейт. Ошондой эле мектептин ичиндеги ажаатканалар мектеп эксплуатацияга берилгенден бери эле иштебегендиктен «Мерсико» долбоору тарабынан оңдолуп жатат. Ал эми оңдоо иштери баштала элек ажаатканаларда ар кандай курулуш материалдары сакталып турат», — деди ал.

Мектепте жалпы 1003 окуучу билим алса, анын 485и кыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE